Бишкекте жазгы ишембиликтер башталып, 9-март күнү Бишкек шаарындагы төрт райондон миңден ашуун жашоочулар ишембиликке чыкты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Биринчи Май районунан 970 жашоочу аянты 142 миң чарчы метрден ашуун жерди тазалап, 15 тоннага жакын таштанды чыгарышкан. Ал эми Ленин районунда дагы массалык түрдө тазалоо иштери жүрүп, жашоочулар, техникалык окуу жайлардын окуучулары, студенттери, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жана “Бишкек жашылдандыруу” ишканасынын кызматкерлери бардыгы болуп 1 миң 200дөн ашуун киши катышкан. Натыйжада 64 миң чарчы метр жер, анын ичинде 35 короо, 15тен ашык балдар аятнчасы жана эл көп чогулган 5 аймак тазаланып, 11 тоннага жакын таштанды чыккан.
Октябрь районунун тургундары Республикалык психикалык ден-соолук борборунун короосун тазалап чыгышса, Свердлов районунун тургундары жана райондук ишканалардын өкүлдөрү санитардык тазалоо иштерин жүргүзүшкөн.
Ал эми район жашоочулары катышкан масштабдуу ишембилик 16-мартка пландашылды деп жазылат маалыматта.