Бишкектеги Свердлов районунун Сеченов көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова SUPER.KG'ге өрттү өчүрүү үчүн кырсык болгон дарекке 2 өрт өчүрүү тобу жөнөп кеткенин айтты. Министрликке өрт тууралуу маалымат саат 18:22де келип түшкөн.
"Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, өрт Сеченов көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринен чыккан. Дароо 2 топ жөнөп кетип, учурда өрттү өчүрүү иштерин аткарып жатышат. Толук маалыматты бир аздан кийин беребиз", - деди Шерипова.
Басма сөз катчынын билдиришинче, азырынча кырсыктан жабыркагандар жок.