Каракол шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен улгайган аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге ӨКМнын басма сөз кызматы 11-мартта тастыктады.
Маалым болгондой, шаардын 85 жаштагы Х.Н. аттуу тургуну өзү жалгыз жашап, 10 күндөн бери сыртка чыкпай калганына коңшулары тынчсызданып куткаруучуларды чакырышкан. Куткаруучулар үйдүн жабылып калган эшигин ачып кирип, үй ээсинин жансыз денесин көрүшкөн.
Анын жансыз денесин куткаруучулар милицияга өткөрүп беришкени кабарланды.