Өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып, Бишкек ЖЭБинен темир түтүк алмакчы болгон жаран кармалды

Өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып, Бишкек ЖЭБинен темир түтүктөрдү мыйзамсыз алып кетүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган 24 жаштагы Д.уулу.И. 7-мартта атайын издөө иш-чараларында колго түшкөн. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "уурулук" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери башталды.

Мындан сырткары шектүүдөн алынган күбөлүк ушул жылдын 20-февралында кармалган шектүүнүн документине окшош болуп чыккан. Анда ал кармалган жаран өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып, Транспорт министрлигинин Талас облустук бөлүмүнөн текшерүүдө колго түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Moskva2019
2019-03-11 21:01:37
УКМКачылар кобойуп кетпединерби акыркы кундору?
+5
bond02
2019-03-11 22:56:46
Ата бала эмеспи булар?
+2
aiba.8327
2019-03-12 13:43:11
Ушунчада бардак болобу мамлекет кичинекей эле го
0
Ayka1994
2019-03-12 14:23:32
укмк да ушинтип көп ишти бүтүрүп жүрөт да кээ бирлери. ошондон үйрөнүшүп жасап жатышатда.
0
al-abu-kinesz
2019-03-12 16:58:51
ЖЭБ ден чабак кармалыптыр да. Акулаларды кармаганга духтары жетпей..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан