Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт толук өчө элек

Бүгүн, 11-март күнү саат 18:22 чамаларында Бишкектеги Свердлов районунун Сеченов көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн бири өрттөнүп жатканы кабарланган. Өрттү өчүрүү үчүн айтылган дарекке 5 өрт өчүрүү тобу жана куткаруучулар барган. Андан сырткары милиция менен "Тез жардам" кызматы да барган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт саат 20:14тө чектөөгө алынганын, бирок дале толугу менен өчүрүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кырсыктан жабыркагандар жок.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан