ӨКМ: "Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт 6 саатта өчүрүлгөн"

Кечээ, 11-март күнү Бишкек шаарындагы Свердлов районунун Сечинов көчөсүндөгү турак үйдөн чыккан өрт түн оогондо өчүрүлгөн. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт кечки саат 8:14тө чектөөгө алынганын, бирок дале толугу менен өчө электигин кабарлаган.

"Кечки саат 6:22 чамасында Сечинов көчөсүнүн №47 дарегинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Кырсык катталган үйдөгү өрт күчөп, тилсиз жоо жанында жайгашкан турак үйгө да өтүп кеткен. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 500 чарчы метрди түзгөн. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Өрттү өчүрүү үчүн ИИМден 15 кызматкер, ӨКМнын өрт өчүрүү кызматынан 5 бөлүм жана 1 штаб, куткаруучулардан бешөө, "Тез жардам" кызматынын 1 бригадасы, газ чарба ишканасынын кызматкерлери жана "Тазалык" мекемесинин 1 суу ташуучу унаасы барган.

Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 00:10до толук өчүрүлгөн. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан