21-мартта жаңы Бишкек-Алматы аба каттамы ачылат

21-мартта казакстандык Qazaq Air авиакомпаниясы Бишкек-Алматы каттамын баштайт. Бул тууралуу Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги маалымдады.

Белгилүү болгондой, учуу убактысы 30 мүнөттү түзгөн Бишкек-Алматы каттамы жумасына эки жолу учат.

"Ушул жылдын 21-мартында Казакстандын регионалдык Qazaq Air компаниясынын Бишкек-Алматы багыты боюнча алгачкы каттамы ишке ашат. Андан ары учуулар жумасына 2 жолу жүргүзүлүп турат. Билет баасы бир тарапка 2940 сомдон башталып, учуу убактысы 30 мүнөткө созулат.

Мындан сырткары апрель айынан тартып Ош-Алматы аба каттамы да ишке киргизилет", - деп айтылат маалыматта.

Эл аралык "Манас" аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова SUPER.KG`ге аталган маалыматты тастыктап, буга чейин кыргыз-казак аба каттамдарын Air Astana компаниясы ишке ашырып келгенин белгиледи.

"Ушул күнгө чейин Казакстандын Алматы жана Астана шаарларына учуулар аткарылчу. Апрель айынан тарта Ош-Алматы каттамы ачылат. Өткөн жылдын жай айларында Qazaq Air компаниясы Тамчы-Алматы багыты боюнча бир нече каттамды ишке ашырган. Туристтик сезон башталгандан кийин аталган каттам бул жылы да жанданышы мүмкүн", - деди Курбанова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
MAKALAK
2019-03-12 12:04:46
Ош Алматы ачылганы жакшы
+3
bazar
2019-03-12 12:24:44
Аэропортко барганча жарты саат убактын кетет, бир саат эрте барып анан регистрациядан өтүп, анан барган тарабыңын таксисине отуруп жетчү жериңе барганча, Бишкектен түз эле таксиге отурсаң үч саатта Алматыга жетип барасын.Көп болсо бир саат убактын ашыкча кетет экен. 500 сом менен жетесн

+2
bazar
2019-03-12 12:25:32
Ош-Алматы, ОШ-Астана багыттарына ачса болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан