Жалал-Абадда Нооруз майрамына карата 40 казан сүмөлөк кайнатылат

Өлкөдө алгачкы жолу Нооруз майрамын утурлай 20-март күнү Жалал-Абад шаарында сүмөлөк фестивалы өткөрүлөт. Анда "Курманбек" фольклордук талаасында 40 казан сүмөлөк кайнатылат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, жергиликтүү бийлик тарабынан демилгеленген бул саамалык бир катар оюн-зооктор менен коштолот жана жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат. Шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Салтанат Асилбекованын айтымында, азыркы учурда иш-чаранын сценарийи иштелип чыгып, уюштуруу тобу тарабынан талкууланууда.

"Эң негизгиси шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулоо менен бирге улуттук баалуулуктарыбызды даңазалоо. Сынакка катышкан ар бир мекеме-ишкананын жамааттары өндүрүлгөн буудайды тартуудан баштап бышырууга чейинки эрежелерди эске алышы керек. Калыстар тобу тарабынан жеңүүчүлөр аныкталат. Ал эми кайнатылган сүмөлөк 21-март күнү борбордук аянттагы салтанатта жергиликтүү тургундарга таратылат дейт", - Асилбекова.

Иш-чаранын максаты - Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында калаанын туристтик потенциалын жогорулатуу. Жергиликтүү бюджеттен бул жылы Нооруз майрамын өткөрүүгө 190 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aliya-leyla
2019-03-12 15:15:02
Ашыкча ысырапкорчулук
+4
brentfo
2019-03-13 00:32:05
aliya-leyla, акыркы убакта булар арам жол менен тапкан тыйынга ысырап м-н чачмай болдуго!
0
elchi84
2019-03-12 16:09:26
Туристерди тартабыз десенер жолдорду ондогула,тазалыкты карагыла,шарт тузуп бергиле аларга анан 40 казан сумолок менен чакырбай.
+6
brentfo
2019-03-13 00:39:28
elchi84,чочко жылында ХХХХХХХ андан көрө жол оңдосо болмок, сүмөлөктү венесуелага Сирияга берсе туура болот
+2
oscar
2019-03-12 19:12:22
Жалал-Абад азамат салттарды жакшы колдонушат
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан