
14-мартта борбор калаанын айрым райондорунда суу эртең мененки саат 9:00дөн кечки саат 5:00гө чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Бишкек суу канал” ишканасы “Киркомстром” суу топтолгон жайында оңдоо иштери жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу төмөнкү даректер боюнча ысык суу өчөт: Дэн Сяопин, Абакан, Мурманск, Садыгалиев, Волков жана Кустанай көчөлөрү.
Ошондой эле "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасы, "БСМ", "Нургаз" ЖЧКсы, доктор Бекбоевдин медициналык борбору, "Васипов" наавайканасы, "Счастливая страна" бала бакчасы, балдарды коргоо борбору, №42 орто мектеби, № 97632-аскердик бөлүмдө өчүрүлмөкчү.
"Бишкек суу канал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты, уюмдарды жана ишканаларды алдын ала суу менен камсыздап алууну өтүнөт", - деп айтылат маалыматта.