"Кырк чоро" коомдук бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренесинин негизинде "Бейбаштык" боюнча кылмыш иши ачылды. Маалыматты SUPER.KG'ге 12-мартта Көчөрбаев өзү тастыктады. Мындан улам Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө иш менен таанышып кетүү үчүн чакырылган.
Өзүнүн айтымында, буга "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын мүчөсү Надира Масюмованын анын үстүнөн милицияга жазган арызы түрткү болгон.
Маалым болгондой, ал арызында Көчөрбаев 8-март күнү Бишкекте өткөн жүрүштө кыймылдын мүчөлөрүн коркутканын жазган.
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы жазылган арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.