Интернетке 2 айдоочунун жол талашып мушташкан видеосу тарады

Бишкекте 2 айдоочу жол талашып уруша кетип, бири жерге жыгылып калды. Окуя Манас кең көчөсү менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

Бүгүн, 12-мартта видео интернетке тарап, учурда Бишкектеги Биринчи Май РИИБи тарабынан тактоо иштери жүрүп жатат. Мекеменин басма сөз кызматы окуя качан орун алганын, эмнеден улам келип чыкканын жана кимдер катышканын тактаган соң толук маалымат тарата турганын билдирди.

Видеодон жол талашуудан улам бир айдоочу экинчисин уруп койгонун, катуу сокку алган айдоочу жерге башын кармап жатып калганын көрүүгө болот. Бул учурда ага кол көтөргөн айдоочу качып кетүүгө аракеттенип бирок ошол жерде турган адамдар токтотуп калышты.

"Тез жардам" кызматы бүгүн аталган көчөлөрдүн кесилишинен чакыруу түшпөгөнүн билдирди.

Бишкекте эки айдоочу жол талашып уруша кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Abdizhapar
2019-03-12 19:55:04
Чон эле кишини урган окшойт акмак
+4
bessmertiy
2019-03-12 20:27:20
Abdizhapar,өзү алдын тосуп токтоптур го. Күнөө өзүндө окшойт. Ырас болуптур. Адыраңдап машинаны ары бери жагына өтөт го. Жакшы машина менен бир сүзүп кетип калбаганына шүгүр кылсын. Видеодон көрүнүп турат алдын тороп пешоходко токтогону.
+1
Samar90
2019-03-12 20:33:17
Онолбойт екенбизда биз кыргыздар
+3
oscar
2019-03-12 22:01:41
Бири бирибизди сыйлаганды унуттук
+2
Kemel29101981
2019-03-12 23:22:08
Подстава
0
senchi
2019-03-13 12:45:55
Күнөө алдын торогон адамда, азаматсын дагы чабышын керек эле кийин тоспой турган кылып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан