Алайда жасалма акча менен дүкөндөрдө соода кылып жүргөн шектүүлөр кармалды

Алайда жасалма акча менен дүкөндөрдө соода кылып жүргөн шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 8-март күнү жасалма акча менен Алай районунун Чий-Талаа айылынын дүкөндөрүндө соода кылып жүргөн жарандар колго түшкөн. Алар Ош облусунун Ноокат районунун жашоочулары 22 жаштагы Т.уулу.Б., К.уулу.М. жана 23 жаштагы З.уулу.А.

Кармалгандар Чий-Талаа айылынын тургуну К.К. аттуу жарандын дүкөнүнөн суусундук менен семичке алып, 2000 миң сомдук бир купюра беришкен. Ошондой эле ыкма менен Алай районун аймагындагы 5 дүкөнгө кирип, жалпысынан 10 миң сомдук жасалма акча берип кайтарым акчаларын чыныгы накталай акчага айландырышкан.

Бул факт Ош ОИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин ("акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми далил катары алынган 2 миң сомдук купюрага экспертиза дайындалып, ал жасалма экендиги далилденген. Жасалма акча шектүүлөрдүн биринин үйүндө жасалгандыгы аныкталган. Жасалма акча жасаган жабдуу табылып, далил буюм катары кылмыш ишине тиркелген.

Шектүүлөр Алай РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо максатында ыкчам-иш чаралары жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bond02
2019-03-12 19:20:14
Атандын гору, иштесе ишке ичсе ашка тойбой турган убагынар экен го. Иштебейсинерби бешене терди тогуп, арамдын жолу кыска болот.
+7
Skarlett-Skarlett
2019-03-12 19:31:24
Уурунун арты кууш
+4
bessmertiy
2019-03-12 20:20:04
Бойлору 180-190 лөкүйгөн жапжаш балдар экен. Адал оокат кылсаңар болбойбу?
+5
Bars111
2019-03-13 01:01:47
Ошол апарат мага да керек болуп жатты эле да. :-)
+2
Benazir08
2019-03-13 02:22:50
Ноокаттын тириктери Алайда эмне кылып журушот же комур же жук ташыган немелер гооо. Жапжаш жигиттер силер келечектеги атасынар гооо аттин ай арам тамак кантип отту? Андан коро ошол акчаны казиного тыкпайсынарбы? Казинодогуларга мейли эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан