Жумгал районунун Көк-Ой айылында 47 жаштагы аялды жана анын эки небересин зордуктап өлтүрдү делинген шектүүнүн тергөө иши аяктап, сотко өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Алдын ала маалыматтар боюнча соттук отурум март айынын 15инде өтөт.
Жумгал районунун Көк-Ой айылында 47 жаштагы аялды, анын 4 жана 7 жаштагы небересин өлтүрүп, өрттөгөнгө шектүү катары кармалган 29 жаштагы Ш.К. аттуу жаран күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.
Маркум аял 2 небереси менен бүгүн, 22-декабрда жерге берилди.