21-Март - Нооруз майрамында мамлекеттик кызматкерлер эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-март Нооруз майрамы болгондуктан ал күнү эс алуу болуп, кайра 22-март жумуш күнү болот.
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө токтомго кол койгон.