Өзгөндө өз кызын зордуктаган жаран экспертизанын жыйынтыгында акыл-эси жайында болуп чыкты

Өзгөндө өз кызын зордуктоого шектелген жаранга карата жазалган соттук-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев кабарлады.

Басма сөз катчынын айтымында экспертизада шектүү жаран кызын зордуктап жүргөн убакта акыл-эси жайында болгон деген жыйынтык чыккан.

"Шектүү мурда жол кырсыгына кабылып, андан кийин акыл-эси жагынан ооруй турганы аныкталган. Бирок экспертизада анын акыл-эси жайында болгон деген тыянак чыкты. Тергөө иши аяктаганына байланыштуу иш сотко өттү. Ушул же кийинки жумада сот отуруму өтөт. Ал эми жабырлануучу кыз төрөй элек", - деди ал.

Буга чейин шектүү 20-январда кармалып, 2004-жылы туулган кызын зордуктаганын моюнуна алган. Учурда М.кызы М. кризистик борборго жайгаштырылган. Ага психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Анын 2006- жана 2008-жылы туулган 2 иниси да мектеп интернатына берилди. Балдардын апасы 2013-жылы каза болгон. Атасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендиги, психикалык жактан жабыркап жүргөндүгү айтылып, экспертиза дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
zzz---zzz
2019-03-12 23:25:47
Атыш керек камабастан сразы
+10
aliya-leyla
2019-03-13 00:48:36
Акыл эси соо болгону учун ушул ишти кылып атат да
+7
Kanat.tls
2019-03-13 10:06:53
Кастрация кылыш керек
+1
Skarlett-Skarlett
2019-03-13 10:42:04
Олум жазасын киргизуу керек,оз баласына кантип колу барды экен?!Журогум тилинип кетти кыздын келечегин ойлоп.Баарыбыз энебиз,эн жаман жорук бул
+2
Farra16gsin
2019-03-13 11:58:36
Бычыш керек эң оңой жолу акчада кетпейт адилеттүүда болот
+1
katerina.li
2019-03-13 12:43:15
Апасы болсо балким бул ишке жол бербейт эле да ээ. Ыйлагын кенлетко окуп алып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан