Бишкек-Ош жолунда жүк ташыган унаа кырсыкка учурап, айдоочу ооруканага жеткирилди

Бишкек-Ош унаа жолунун 584-чакырымында жүк ташыган унаа жардан кулап, жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 11-март күнү саат 12:00 чамасында болгон. Фура унаасындагы 20 тоннадан ашык кургатылган мөмө-жемиштер Сузак районуна ташылып бара жаткан.

"Баткен районунун 31 жаштагы тургуну А.У. өзүнө таандык ДАФ 96 ХF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен келе жаткан. Унаанын тормозу иштебей калып 30 метрдей аралыктагы сайга кулап түшкөн. Мындан улам унаа жараксыз абалга келген. Айдоочу Жалал-Абад шаардык ооруканага жеткирилген", - деп билдирет басма сөз кызматы.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан