Бүгүн, 12-мартта ырчы Гүлзат Мамытбек Бишкекте өзүнүн туулган күнүн белгиледи. Ырчыны куттуктап анын жакындары, достору, кесиптештери келишти. Ошондой эле Ош шаарынан апасы келип, Гүлзат Мамытбек уул-кыздарынын курчоосунда майрамдык маанайда жүрдү.
Куттук айтып келгендердин арасында Гүлзат Мамытбектин өкүл атасы ишкер Аскар Салымбеков, ырчы Курал Чокоев, дизайнер Алим Серебров жана башкалар болду.
"Буга чейин мынча көп конок чакырып туулган күнүмдү өткөргөн эмесмин, быйыл жакындарымдын сунушу менен көпчүлүктү чогултуп отурам. Буюрса, мындан аркы туулган күндөрүмдү да бүгүнкүдөй көпчүлүктүн курчоосунда тосом деген тилегим бар", – дейт ырчы.
Кече туулган күн ээсинин жакындарынын ыр белектери, бий, ошондой эле дизайнер Алим Серебровдун кийимдер коллекциясынын көргөзмөсү менен коштолду.