49 жаштагы актриса жана ырчы Женнифер Лопес өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларынын бирине сүйүктүүсү Алекс Родригестин тизелеп колун сурап жаткан сүрөттөрүн жарыялады. Ал сүрөттүн алдына 9-март, 2019-жыл деп жазган. Анткен менен буга чейин, тактап айтканда, 10-мартта актриса колуна бриллиант шакекти тагып турган сүрөтүн жарыялаганда, катталуучулары аны куттуктап башташкан болчу. Женнифер Лопес сүйүктүүсү менен Багама аралдарында эс алып жүргөндө колун сураган.
Сүрөттөрдөн Родригес кум жээкте сүйүктүүсүнө тизелеп шакек сунуп жатканын көрүүгө болот. Ырчынын катталуучулары, анын ичинен атактуу ырчы жана актёр, актрисалар дагы экөөнү куттуктап билдирүүлөрдү калтырышкан.
Зер буюмдар боюнча эксперттер шакектин баасын жана бриллиантты канча караттан турарын эсептеп чыгууга жетишкен. Маалыматтарда жазылгандай, шакек болжол менен 4 жарым миллион доллар турары жана бриллиант 12-15 карат экенин айтышат. Шакек өзү ак алтындан жана платинадан жасалган деп болжолдонгон.
Белгилей кетсек, Женнифер Лопес эгер Родригес менен баш кошсо ушуну менен төртүнчү ирет турмушка чыгат. Алгачкы жолу ресторан менеджери Охани Ноа аттуу адамга турмушка чыккан. Андан кийинки турмушун бийчи Крис Жадд жана үчүнчү турмушун ырчы Марк Энтони менен курган. Ортодо актёр Бен Аффлек, рэпер Дрейк сыяктуу атактуулар менен да сүйүү романдарын курган учурлары болгон. Ал эми учурдагы сүйүктүүсү бейсболчу Алекс Родригес менен 2017-жылдын март айынан бери мамиле түзүп келишет.