Бүгүн парламентте "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын мүчөлөрү өткөргөн митингге уруксат бергендер маалымат берет

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат. Аталган жыйында депутат Жылдыз Мусабекова 8-март күнү борбор калаада "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын мүчөлөрү өткөргөн тынч митингге уруксат берген тиешелүү мамлекеттик органдар парламентке келип жооп берсин деген талап койду.

Депутат Мусабекова 8-мартта өткөн митинг аялдардын укугун коргоо митингги эмес, гейлердин жүрүшү болгонун айтты.

"Алайдын ханышасы Курманжан датка элинин келечегин ойлоп, баласынын башын алдырганга макул болгон. Ал эми 8-мартта өткөн митинг кыргыз элинин аброюна шек келтирди. Алты миллион болдук, келечекте 60 миллион калк болобуз дедик эле. Эркек менен эркек үйлөнүп жатса каяктагы 60 миллион калк болот. Мындайга жол берсек тукумубуз куруйт. Ошондуктан гейлердин жүрүшүнө уруксат бергендер бүгүн парламентке келип, депутаттардын суроосуна жооп берсин. Күн тартипке киргизилсин. Буга көз жумуп коё албайбыз", - деди эл өкүлү.

Жылдыз Мусабекованын сунушу депутаттардын добуш берүүсүнө коюлуп, парламенттин күн тартибине киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Qwer007
2019-03-13 10:17:28
Бар экенсинерго..
0
Nurdinur
2019-03-13 10:19:15
Молодецсинер депутаттар
+1
gute
2019-03-13 11:04:33
Курманжан Датканы кумир тутуп алышкан тура. Уят Курманжан Датканын эстелегинин жаныныа откоргондору. Курманжан Датка башка силер башка Ошол жерге ошол убакта Танк менен барып тебелетип салса болмок баарын.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан