SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордун Мээрим Карыпованын "Мен сизди унутушум керек эле" чыгармасы толуктады.
6-ФЕВРАЛДАН 13-МАРТКА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ
10-орун - Гүлнур Сатылганованын аткаруусундагы "Ашыкпа" чыгармасы эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орун - Гүлнур Асанованын "Шашпа" видеоклибине буюрду.
8-орунга - Нурмат Садыровдун "Жүрөк ээси, эркеси" композициясы ээ болду.
7-орунду - Амир Аскаров менен Чолпон Талипбектин "Жүрөгүм эзилет" чыгармасы камсыздады.
6-орун - Айя Садырованын "Тоо булагы" видеоклибине буюрду.
5-орунду - Самат Эркинбековдун "Дык-кын-дыш" чыгармасы ээледи.
4-орун - Мирбек Атабековдун "Сүйөм сени" видеокомпозициясы бир баскычка төмөндөдү.
3-орунду - Джонни менен Сайкал Садыбакасованын "Жазым менин" клиби ээлеп, алдыңкы үчтүктөн орун алды.
2-орунду - Алмаз Шаадаевдин "Жаркыным" чыгармасы ээледи.
1-орун - Өткөн аптада тизмеге кошулган Мирлан Баековдун "Сүйүү тагдыр" аталышындагы клиби эң көп добушка ээ болуп, апта жеңүүчүсү аталды.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.