Депутат: "Ноокатта окуучулар ным мектепте окуп, алардын бою өспөй калыптыр"

Бүгүн, 13-мартта парламенттин жалпы жыйынында "Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды.

Анда "Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмазбек Токторов Ноокат районундагы Арал орто мектеби ным тартып көгөрүп жатканын айтты.

"Мектеп ным тартып, анын кесепетинен окуучулардын бою өспөй калыптыр. Жакында эле ал мектепке депутаттар барып келдик. 15 жаштагы балдар 12 жаштагы балдардай көрүнөт экен. Аталган мектептеги балдардын ден соолугуна медициналык кароо жүргүзүлгөнү жана окуучулар арасында оору жок деген кат келди. Буга мен нааразымын. Балдар келечек дейбиз да, аларга шарт түзгөндү билбейбиз. Муну эмнеге изилдебейсиңер? Балдар окуганга мүмкүн эмес, мектепти которуш керек же желдетүү системин оңдоо керек", - деди эл өкүлү.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев бул боюнча ӨКМга, Мамлекеттик курулуш агенттигине кайрылуу жасалганын билдирип, жакын арада аталган жерге медициналык бригада жөнөтүлөрүн айтты.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurbek56
2019-03-13 11:41:08
кайактагы нерсени айтпагылачы насвайды чегет сигеретти тартат анан кайактан бойу оссун
+5
Bars88
2019-03-13 11:56:07
Суйлогонго соз таппай айтып коюптурда
0
bond02
2019-03-13 12:55:08
Андай болсо тукумсуздук боюнча да маселе жаралат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан