Мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого шектелип шаардык ЖОЖдордун биринин кызматкери кармалды. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта белгилүү болгондой, шектүү сессия тапшыруу үчүн арыз ээсинен 33 миң сом талап кылган.
"Криминалдык милиция кызматына Чүй облусунун 33 жаштагы Ж.А. аттуу тургуну пара талап кылуу жана алдамчылык иш-аракеттери фактысы боюнча арыз менен кайрылып, экзамендик сессияны тапшыруу үчүн акча каражатын талап кылып жаткан шаардык окуу жайдын кызматкерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Аталган маалыматты текшерүүнүн жүрүшүндө жогорку окуу жайдын кызматкери 2018-2019-жылдары үчүн сессияны тапшырууга 33 000 сом акча каражатын талап кылгандыгы маалым болгон.
2014-жылдын июль айында Ж.А. аттуу жаран жогорку окуу жайлардын биринин бөлүмүнө контракттык негизде окууга тапшырууну чечкен. Документтерди тапшыруу учурунда ал ЖОЖдун кызматкерлеринин бири менен таанышкан. Ал университетке өтүүсүнө жардам көрсөтөрүн айтып, өзүнүн кызматы үчүн 200 доллар сураган. Ошол эле жылдын сентябрь айында ЖОЖдун кызматкери окуу жайда бош орун жок болгондуктан аны башка университеттин ошол эле факультетине өткөргөндүгүн билдирген.
2014-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта ЖОЖдун кызматкери студенттен экзамендик сессияларды тапшыруу үчүн акча каражатын жана контракттык окуунун төлөмдөрүн дагы алып тургандыгы аныкталган. Ушул аралыкта ал жалпы суммасы 230 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алган. 2019-жылдын февраль айында студент 2014-жылы университеттин алдындагы колледждин биринчи курсуна өткөндүгүн, бирок ошол эле жылы окуудан чыгарылганын билген.
2019-жылдын март айында жабырлануучу кайрадан экзамендик сессияны тапшырууга акча каражатын талап кылып жаткан кызматкерге карата тиешелүү чараларды көрүп берүү үчүн ИИМге арыз менен кайрылган.
6-март күнү ИИМдин ыкчам кызматкерлери жана Тергөө кызматынын тергөөчүлөрү жумуш ордунда 33 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен шаардык ЖОЖдун биринин кызматкери кармалган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Тергөө кызматы окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренесинин (Мамлекеттик мекеменин кызматкеринин ири өлчөмдө акча түрүндө сый акыны мыйзамсыз алуу) негизинде сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган.