Унааны олдоксон айдагандар "Түндүк электр" ишканасын 600 миң сом зыянга учуратты

Кечээ, 12-мартта саат 11:00дөр чамасында Чүй районундагы Калиновка айылынын жашоочулары электр жарыгысыз калышты. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы маалымдап, буга унаанын айдоочусу электр зымдарын туташтырган жабдыкты сүзүп алганы себеп болгонун билдирди.
Volkswagen Passat унаасын айдаган айдоочу "Шамши" трансформатордук подстанциядан 10 килоВатт электр энергиясын өткөргөн зымдарды туташтырып турган мамыны сүзгөн. Бул кырдаалдын кесепетинен мамынын тирөөчү сынып кеткен. Учурда келтирилген зыяндын суммасы эсептелинүүдө.
"Бир нече ай мурун, өткөн жылдын ноябрь айында унааны обу жок айдаган айдоочу ушул эле райондогу Чүй айылында электр өткөргүчтөрүнүн тирөөчүн сүзүп алган. Андан келтирилген зыяндын акчасын Чүй райондук электр тармагы сот аркылуу өндүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, өткөн жыл аралыгында Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарында унааны катуу ылдамдыкта айдаган айдоочулар электр зымдарын туташтырган 38 жабдыкты сүзүп алган.
"Унааны обу жок, олдоксон айдагандар "Түндүк электр" ишканасын 600 миң сом зыянга учураткан. Мындай көрүнүштөр эң көп Чүйдүн Ысык-Ата жана Жайыл райондорундагы айылдардын унаа жолдорунда катталат. "Түндүк электр" ишканасы транспорт каражаттарынын ээлерин кылдат болууга жана сүзүп алган жабдыктарга жоопкерчилик алууга чакырат", - дейт ишкана.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zevs
2019-03-13 17:19:19
Az ele ekengo tunduk elektrdin jegen akchasy myndan kop bolso kerek.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан