Орусиянын Иркутск облусунда Кыргыз жеринен барган 28 жаштагы адам Кытай жаранынын өлүмүнө шектүү катары камакка алынды. Мындай маалыматты "Интерфакс" басылмасы 13-мартта Орусиянын тергөө органдарынын маалыматына таянып жазды.
Маалым болгондой, 2018-жылдын 28-октябрына караган түнү шектүү Усть-Илимск аймагындагы "Трейд Экспорт" деп аталган ишканага кирип келип, 24 жаштагы Кытай жаранын темир түтүк менен башка бир нече жолу чапкан. Алган жаракатынан улам жабырлануучу ошол жерде каза болуп, шектүү качып кеткен. Тергөөчүлөр окуя болгон жердеги дүкөндөн сатып алган бет капты жана темир түтүктү табышкан. Бир канча күндөн кийин ал Иркутск облусунун аймагынан чыгып кетүүгө үлгүргөн.
Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү буга чейин ошол ишканада иштеп, айлыгы мурда көрсөтүлгөндөн аз берилип калгандыктан жумуштан чыгып кеткен. Анын бул кылмыш ишке баруусуна ушул маселе түрткү болушу мүмкүн экени айтылды.
Издөө иштеринин жүрүшүндө ал полиция кызматкерлери тарабынан Новосибирск облусунун аймагынан кармалып камакка алынган.