ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын жетекчисинин мурдагы орун басары Ралис Касановго козголгон кылмыш иши Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG'ге жактоочусу Бактыбек Жумашев тастыктады.
Белгилүү болгондой, Жумашев козголгон ишти тергөө ИИМ тарабынан объективдүү жүргүзүлбөй жатканын айтып, Башкы прокуратурага кайрылган. Прокуратура анын өтүнүчүнөн улам ишти тергөөнү Аскер прокуратурасына өткөрүп берди.
ИИМдин маалыматына караганда, Касанов кызматтык тартипти бузуп, милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбай, кол алдындагы кызматкерлерден акча каражатын чогултуп жана опузалап акча талап кылгандыгы үчүн кызматынан бошотулган. Ошондой эле Касанов документтерди жасалмалоо менен ички иштер органдарына кызматка орношкону белгиленип, ага кылмыш ишин козгогон.
Ралис Касанов - ырчы Гүлзинат Суранчиеванын жолдошу. Экөөнүн ортосунда 1 кыз, 1 уул бар.