Москвада пенсионерлердин үйүнө ууруга кирип жүргөн аял кармалды. Ал жабырлануучулардын биринин үйүнөн 40 миң доллар жана 1 килограмм алтын тыйын уурдаган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, уурулук фактысы 3-7-март күндөрүнүн аралыгында Первомайское аймагында орун алган. Анда белгисиз адамдар көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатындагы батирдин айнегин ачып кирип, үйдөгү баалуу буюмдарды алып чыгып кеткен.
"61 жаштагы аялдын үйүнөн 2,5 миллион рублдан ашуун акча жана алтын тыйындар уурдалып, келтирилген жалпы чыгым 5 миллион 703 миң 720 рублду түздү. Дагы бир 80 жаштагы пенсионердин Черантов көчөсүндөгү батирине белгисиз эки аял кирип, алаксытуу жолу менен 900 миң рублга жакын акчасын уурдап кетишкен. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары мурун бир нече жолу соттолгон 45 жаштагы аял кармалды. Учурда ага карата кылмыш иши козголуп, башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу аныкталууда. Ошондой эле анын шериги изделүүдө", - деп айтылат маалыматта.