Бүгүн, 14-мартта парламентте эркин экономикалык зоналар жөнүндө мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунун демилгечиси - депутат Гүлшат Асылбаева. "Эркин экономикалык зоналар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору экинчи окууда каралат. Күн тартип боюнча жыйында 7 маселе талкууланат. “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам долбоору, "Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралат.