Тажикстанда 11-класста окуган карындашын "эркек менен мамиледе болгон" деп муунтуп өлтүрүп, кийин башын кесип салган агасы 18 жылга эркинен ажыратылды. Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, каналдан башы жок денеси табылган кыз алгач мектепке кеткен бойдон кайтып келген жок деп изделген. Арадан 1 жарым ай убакыт өткөн соң кыздын денеси каналдан табылган. Кылмыш ишин соттук коллегия карап чыгып, айыпталуучунун күнөөсү толук далилденгенине байланыштуу аны 18 жылга эркинен ажыратуу чечими кабыл алынды.
"2018-жылы 28-ноябрь күнү Истаравшан шаарынын Ободдара айылынын 1995-жылы туулган Толибжон Ашуркулов аттуу тургуну 2001-жылы туулган Орзугүл аттуу карындашы "эркектер менен мамиледе болгон" деген такталбаган маалыматтарды уккан соң аны малканага алып барып муунтуп өлтүргөн. Кийин кайра барып анын башын кескен. Кылмыштын бетин жабуу үчүн Толибжонго 50 жаштагы атасы Баходур Ашуркулов да жардам берген. Ал экөө кыздын денесин айылдын четиндеги каналга алып барып бекитишкен. Кийин кыздын башы жок денесин айылдын тургуну көрүп калып, бул тууралуу милицияга билдирген. Кылмышка шектүү катары 17-декабрда кыздын агасы кармалган", - деп айтылат маалыматта.