MegaStore кеңселеринен "Бакай Банктын" акциясы жүрүп жатканда уюлдук телефондорду насыяга 30 мүнөттүн ичинде алууга үлгүрүңүз

"Бакай Банктын" "Mega Рассрочка" продукттарына бааны төмөндөтүү акциясы улантылууда. Эми үстөк пайыз 28 пайыздан 23 пайызга төмөндөдү. Муну менен "Бакай Банктын" кардарларында MegaStore сатуу жана тейлөө борборлорунан уюлдук телефон, планшет, түрдүү аксессуарлар жана башка товарларды насыяга, күрөөсүз эле төмөндөтүлгөн үстөк пайызда алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

"Бакай Банк" смартфондорду сатып алуу үчүн эң пайдалуу кызматтарды түздү:

Насыянын валютасы - сом;

Сумма - 5 миңден баштап 100 миң сомго чейин;

Мөөнөтү - 18 айга чейин;

Үстөк пайызы - жылына 23 пайыз;

Баштапкы төлөм талап кылынбайт.

Насыя берүү чечими бир нече убакыт аралыгында кабыл алынат!

Насыя алуучунун жанында:

* Паспорт;

* Маяна алып иштегендер - иштеген жеринен акыркы 6 айдагы айлыгын тастыктаган аныктама/ айлык маянасынын эсептелгендиги боюнча банктан көчүрмө;

* Банк аркылуу пенсиясын алган пенсионерлер - акыркы 6 айда пенсиясы которулгандыгы боюнча банктан атайын аныктама болушу керек.

Арыз жазып "Бакай Банк" аркылуу насыя алуу иш күндөрү саат 10:00дөн 17:00гө чейин ГУМ соода борборундагы Megastore тейлөө жана сатуу борборунда жүргүзүлөт. MegaStor'до смартфондордун түрү абдан көп болгондуктан эң эле талабы күчтүү кардар да өзүнө ылайыктуу телефонду таба алат. Аталган жайда Xiaomi, LG, Huawei, Samsung, Apple, Olmio, Honor, Fly жана башка бренддердин смартфондору, аксессуарлары бар.

Шашылыңыз! Акция ушул жылдын 30-апрелине чейин уланат!

Кененирээк маалыматтарды 0312 61-00-61, уюлдук телефондон 6111 кыска номерине, WhatsApp'тан +996554006111 номери аркылуу билсеңиз болот. Мындан тышкары www.bakai.kg.сайтында дагы толук маалыматтар камтылган.

"Бакай Банк" ААКсы - 20 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 76 сактык кассасы жана филиалдары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан