Биз социалдык тармакта

Бишкекте батирдин ашканасындагы терезе аркылуу уурулукка киргенге шектүү кармалды

Бишкекте тургундун батирине анын ашканадагы терезеси аркылуу уурулукка кирген деп шектелген адам кармалды. Маалыматты Бишкек ШИИББи кабарлады.
Ага ылайык, 13-мартта саат 21:20 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө Түштүк-2 кичи районундагы үйлөрдүн бириндеги батирге белгисиз адам ашканадагы терезе аркылуу уурулукка кирип, качып кеткени кабарланган. Бул боюнча батир ээси Биринчи Май РИИБине арыз жазган.
Анда ал: "Мен жашаган батирге ашкананын айнеги аркылуу кирип, баалуу буюмдарды уурдоого аракет кылган адамга карата чара көрүүнү суранам", - деп жазган.
"Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, опер-кызматкерлери уурулукка шектелген Казакстандын жаранын кармашкан. Анын жанынан газ баллон, кол кап, айнек кесүүчү каражат, эшиктин ачкычтары жана 2 уюлдук телефон табылган.
Учурда кармалган адамдын башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан