ИИМ: "Кримтөбөл Камчы Көлбаев менен абакта чогуу отурган жаран Казакстандан колго түштү"

Буга чейин бир нече ирет соттолуп эл аралык издөөдө жүргөн Чүй облусунун 1971-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну Казакстандан кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Ал 2011-жылдан бери Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүмү (уюшкан кылмыштуу шериктикти, уюмду уюштуруу) менен 170-беренесинин 1-2-бөлүмдөрүндө (опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыш иштери боюнча эл аралык издөөдө жүргөн.

"Мурда тоноо, карактоо, өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо, алып жүрүү, адамды уурдоо, опузалап талап кылуу беренелери боюнча бир нече жолу соттолгон. Ошондой эле ал криминалдык дүйнөдө “Смотрящий” макамы менен таанымал. Жаза мөөнөтүн Камчы Көлбаев менен бир камерада өтөгөн. ИИМ анын Казакстандын паспортун мыйзамсыз алып, Алматы шаарында жашап жаткан жерин аныктап, 8-мартта колго түшүрдү жана абак жайына киргизилди", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан