Ысык-Көлдө 54 жаштагы аял айылдашын бычактап өлтүргөн деп шектелүүдө

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайловка айылынын тургуну айылдашына бычак сайган деп шектелүүдө.

Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 10-март күнү аталган айылда катталган.

"37 жаштагы К.У. аттуу жаран шектүү аялдын үй жагына барган. Алардын ортосунда сөздөн сөз чыгып уруша кетишет. Мындан улам 54 жаштагы аял аны жүрөк тушка бычак менен бир жолу сайып салган. Ал эми жабырлануучу "Тез жардам" кызматы келгиче каза болуп калган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси менен иш козголуп, шектүү эки айга камакка алынды. Учурда тиешелүү иштер жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Ал эми айылдаштарынын айтымында шектүү аялдын баласын маркум сабап койгону үчүн өч алуу максатында ушул ишке барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан