Бишкекте Кытай өлкөсү тарабынан бөлүнгөн гранттын негизинде “Бишкек шаарынын жолдорун калыбына келтирүү” долбоору боюнча шаардын 6 көчөсү оңдолот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Оңдоло турган көчөлөр Абай, Нуркамал Жетикашкаева, Арстанбек Алтымышев, Репин, Токтогул Сатылганов жана Жайыл Баатыр. Оңдоо иштери ушул айда башталып, учурда жолдордун жабылуу схемалары каралууда. Жолдор кезек менен жабылат. Кээ бирлеринде жылуулук түтүктөрү да оңдолот.
Ошондой эле бул долбоордун алкагында 23 жол оңдолуп, алардын жалпы узундугу 38 километр болмокчу.