Москвада интернаттан эркек балдарды алып, аларга зордук-зомбулук көрсөтүп жүргөн бачабаз кармалды

Москвада интернаттан балдарды алып, аларга сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук көрсөтүп, балдарды кайра интернатка тапшырып жүргөн бачабаз кармалды. Бул тууралуу маалымат Орусиянын тергөө комитетинин сайтында жайгаштырылды.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын июнь айында 50 жаштагы кылмышка шектүү балдар үйүнөн эркек баланы камкордугуна алган. Арадан көп убакыт өтпөй, ал баланы кайра алып келип таштаган. 2018-жылдын октябрь айында интернаттан башка баланы алып кеткен. Бирок бул жолу да баланы аз убакыттан кийин кайра алып келип таштап кеткен.

"Полицияга арыз менен кылмышка шектүүнүн үстүнөн мектеп окуучусунун апасы кайрылган. Анда ал уулунун репетитору (сабактарынан жетише албаган окуучуга жардам кылган мугалим) сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук көрсөткөнүн билдирген. Иликтөө иштеринин алкагында, 50 жаштагы жаран интернаттан алган эки балага да зордук-зомбулук көрсөткөнү аныкталган. Учурда бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды. Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүүдө. Мындан сырткары, интернаттан алынган балдардын жашоо-шартын өз убагында текшербеген тиешелүү мекемелердин кызматкерлерине да чара көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Pchelka85
2019-03-15 10:02:06
Е мое. Мындай адамдарды кострировать этип салса. Причем элдин козунчо....
+5
Dembele84
2019-03-15 10:14:21
Бачабаз? Биринчи жолу угуп жатам...
-3
ekaterinburg
2019-03-15 15:27:29
Dembele84,педофил...
+2
Sajakat14
2019-03-15 22:32:42
Адамдар артты көздөй өнүгүп башкача айтканда деградация болуп жатышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан