Бишкекте күйүүчү май сатылган үйдөн өрт чыгып, турак үй жана жүк ташуучу унаа күйүп кетти (фоторепортаж, бийиктиктен көрүнүшү)

Бүгүн, 15-мартта Бишкек шаарындагы Дэн Сяопин-Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак үйдөн өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, тилсиз жоо тууралуу маалымат саат 12:07де келип түшкөн.

Окуянын күбөсү Дамир Акимовдун айтымында өрт чыккан үйдө күйүүчү май сатылчу.

"Алгач короонун ичи түтөп баштады. Анан эле жүк ташуучу унаанын үстү күйүп чыкты, айдап чыкканга эч ким жетишкен жок, дароо эле өрт бардык жакка тарап кетти. 10 мүнөттөй убакыттан кийин өрт өчүрүүчү унаалар келип баштады.

Бул үйдө күйүүчү май сатылчу. Андан сырткары желим челектер бар эле. Мындан улам өрт дароо улууланып, өчүрүп калууга мүмкүн болбой калды", - деди окуянын күбөсү.

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөт бөлүмүнүн башчысы Урмат Сариевдин айтымында өрттөн жабыркагандар жок.

"Окуя болгон жерге 1-өрт өчүрүүчү унаа 12:10до жеткен, 13:18де өрт чектөөгө алынды. Тилсиз жоонун кесепетинен күйүүчү май сакталган бастырма, жанында жайгашкан турак үйү менен кошо күйүп кетти. Мындан сырткары 1 жүк ташуучу унаа толугу менен өрттөндү. Өрт чыккан жерге жакын жайгашкан дагы 2 үйдүн чатырына өтүп, бирок өрт өчүрүүчүлөр андан ары улануусуна жол беришкен жок.

Кырсыктан жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдары боюнча маалымат азырынча белгисиз", - деди Сариев.

Учурда тилсиз жоо дээрлик өчүрүлүп бүттү. ӨКМдин кызматкерлери кырсык болгон жерде иш алып барып жатышат.

Бишкекте күйүүчү май сатылган үйдөн өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Muslim_KGstana.
2019-03-15 20:12:01
Миллион асманга сапырылыптыр да тангору
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан