Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда 5 жарым килограмм баңги затын алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү жаран 10-март күнү кармалган.
"Шектүү Өзбекстандын Анжиян шаарынын тургуну, 26 жаштагы Н.Г. Ал баңги затын Баткен облусунан алып Анжиян шаарына кетмекчи болгон. Учурда шектүү маңзатты кайдан алганы боюнча ыкчам иштер жүрүүдө. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 268-беренеси "Баңгизат каражаттарын, психотроптук жана ушул сыяктуу заттарды сатып өткөрүү, мыйзамсыз даярдоо" иши менен козголду. Азыркы тапта сот анын баш коргоо чарасын карап жатат", - деп билдирет басма сөз катчы.