Кыргыз-Өзбек биринчи вице-премьерлер эки жактуу кызматташуу маселелерин талкуулашты

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ташкент шаарында Борбор Азия экономикалык форумуна катышуунун алкагында Өзбекстандын премьер-министринин биринчи орун басары – транспорт министри Ачилбай Раматов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргыз-Өзбек мамилелеринин бардык багыты боюнча конструктивдүү диалог жүргүзүү ниеттерин ырасташып, соода, инвестициялар жана транспорт тармактарында, ошондой эле суу-энергетикалык маселелеринде эки жактуу кызматташтыктын актуалдуу жана келечектүү багыттарын талкуулашты.

Мындан тышкары Кубатбек Боронов жана Ачилбай Раматов акыркы жылдары эки тараптуу товар жүгүртүүнүн көлөмү көбөйгөнүн канааттануу менен белгилешти . Алар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өстүрүү боюнча макулдашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tatynam_88
2019-03-16 14:05:12
Кыргыз тажик чегарасын каравайвы.тооа.тоо десен бээ дегендер ушулар
+3
nerrazuri
2019-03-16 14:37:16
tatynam_88,Кубатбек Боронов, Токон Мамытовко окшогондор элдин койгоюун урупда ойнобойт. Алар сен айткандай Тоо десен Бээ деп журоберет ал бийликтен бул бийлике секирип суттуу майлуу жерлерде.
+3
Tekecher
2019-03-16 15:01:37
Бизге кучтуу дипломаттар керек, ушул качан кетишет чакелер
+1
a.sheralievic.91
2019-03-17 01:06:17
Болбогон маселелерди козгоп - бирин бири чукуп атвандашканды эле билет булар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан