Бүгүн, 16-мартта кыргыз шоу-бизнесиндеги кош жылдыз Аваз Акимов менен Айдана Дека баш кошту.
Ош шаарында орун алган үлпөт той алгач жаштардын сейилдөөсүнөн башталды. Эки жаштын жакын жоро-жолдоштору, сахналаш достору алгач Өзгөнгө барып, Аваз Акимовдун сыйын көрүп келишти. Андан соң Ош шаарына келип, сейилдөөнү улантышты. Таттуу түгөйдүн достору гитара менен ырдап, аларга өз каалоо-тилектерин арнап жатышты.
Аваз Акимов менен Айдана Деканын тоюндагы жаштардын сейилдөөсүнөн видеорепортажды төмөндөн көрө аласыз.
Ал эми үлпөт тойдон репортаж жакын арада SUPER TV'га жүктөлөт.