SUPER TV: Аваз Акимов менен Айдана Деканын Оштогу үлпөт тоюнан видеорепортаж

16-мартта Оштогу тойканалардын биринде ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Деканын үйлөнүү тою болуп өттү. Ага эки жаштын жакындары, сахналаш жана санаалаш достору келишти.

Тойдо "Жар-жар" ырын аткарып, жаштарды Гүлнара Калдарова залга киргизди. Андан соң Аваз Акимовдун ата-энеси менен жубайлардын өкүл апасы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова жолдошу менен сөз сүйлөдү. Той күнү колукту 3 түрдүү үлпөт көйнөк кийди. Бул боюнча ал, "Көйнөктөрүмдүн баасын билбейм. Ал маселени Аваз чечти. Эң негизгиси бактылуу болсок болду. Үлпөт көйнөктүн баасы маанилүү эмес", - дейт.

Эки жаштын кызыктарга бай үйлөнүү тоюн төмөндөгү видеорепортаждан көрө аласыздар.

Аваз Акимов менен Айдана Деканын Оштогу үлпөт тоюнан репортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mamatkerim1968
2019-03-18 16:10:45
Окул ата жок бекен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан