"Айыл чарбаны каржылоо-7" долбоору ишке ашырыла баштагандан тартып миңге жакын жеңилдетилген насыя берилди

2019-жылдын 6-мартына карата "Айыл чарбаны каржылоо-7" долбоорун ишке ашыруунун алкагында 380 миллион 167 миң 800 сомго 946 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өсүмдүк өстүрүүчүлүккө 52 миллион 800 миң сомго 139 жеңилдетилген насыя, мал чарбачылыкка – 296 миллион 900 миң сомго 796 жеңилдетилген насыя, кайра иштетүүгө жана кызмат көрсөтүүлөргө – 30 миллион 400 миң сомго 11 жеңилдетилген насыя айылдык товар өндүрүүчүлөр тарабынан алынды. Долбоордун алкагында мал чарбачылыкты жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген пайыздык чен жылына 6,8 жана 10 пайыз менен берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
duishonbek03
2019-03-17 18:34:53
Алдабагылачы 5ай болду кезекке турганыбызга,акча жок акча бөлүнө элек эле дешет,соц сеттерден эле укмуш боло беришет анан миллионду айтышып
0
Rifle_I
2019-03-17 22:12:34
duishonbek03, чынында эле акча бөлүнүп берилди. Бирок ал акчаларды 2-3 адам алып алды да , үстүнө үстөк пайыз кошуп банктар аркылуу кредит берип жатат.
0
XATSAN125
2019-03-18 08:31:14
Жалганды чындай айтышыптфрго Момбеков эмне деп бызылдады кечее куну ушул кредит жонундо айттыго мамлекеттик афёра деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан