Эгиз эже-сиңди актрисалар Ольга жана Татьяна Арнтгольц 1982-жылы Калининградда төрөлүшкөн. Татьяна Ольгадан 20 мүнөткө улуу.
Эже-сиңдилер 1999-жылы М.С.Щепкин атындагы театралдык окуу жайга тапшырышып, 2003-жылы аякташкан.
Татьяна Арнтгольц алгач "Жөнөкөй чындык" сериалында роль жараткан. Андан соң "Некст" сериалы, кийин Никита Михалковдун "Тирешүүлөр" ("Противостоянии") ж.б. фильмдеринде ойногон.
Ал эми Ольга Арнтгольц эң биринчи "Үчөө бардыгына каршы" ("Трое против всех") сериалында ойноп, кийин "Унутпа" ("Не забывай"), "Барбинин тою"("Свадьба Барби"), "Ысык ноябрь" ("Жаркий Ноябрь"), "Тирүү" ("Живой") тасмаларында роль жараткан.