Орусияда эки жаштагы кыз атасынын баңги затынын калдыктарына ууланып каза болуп калды

Санкт-Петербургда эки жаштагы кыз атасынын баңги затынын калдыктарына ууланып каза болуп калды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Санкт-Петербургдагы Димитров көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде орун алган. Анда батирден 2 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында 2 жаштагы кыздын атасы үйүнөн химиялык баңгизат колдонуп, анын калдыктарын полго кагып салганы аныкталган. Баңгизаттын калдыктары кийин белгисиз жол менен кыздын организмине кирип, ал ууланып каза болгон.

"Тергөө иштеринин алкагында кыздын атасына кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды. Тиешелүү мекемелердин кызматкерлери тарабынан каза болгон кыздын жашоо-шарты жана анын коопсуздугу боюнча текшерүүлөр жүргүзүлмөкчү. Андан сырткары кыздын ата-энесине юридикалык баа берилмекчи", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
raykray
2019-03-18 10:36:58
Байкуш кыз,кыйналып(
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан