Түркиянын Измир шаарында унаага атылган октон Кыргыз кызы жаракат алды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу Элнура Турманбетова аттуу 29 жаштагы Кыргыз жараны болгон.
"Окуя 17-мартка караган түнү саат 12:30 чамасында болгон. Измирдин Конак районундагы көчөлөрдүн биринде белгисиз адам жеңил унаага ок чыгарып, ичиндеги жүргүнчү жаракат алган. Унаанын айдоочусу жабырлануучуну Эге университетинин медицина факультетиндеги ооруканага алып барган. Жаракат алган Кыргыз жараны Элнура Турманбетовага операция жасалып, учурда абалы канааттандырарлык", - деп жазылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, окуя түрк полициясы тарабынан иликтөөгө алынып, кылмышка шектүүнү издөө иштери жүрүп жатат.