О! Мобилдик оператору өзгөчө тоолуу жана алыс жайгашкан райондордогу эки миңден аз киши жашаган айылдарда жана кыштактарда жогорку ылдамдыктагы маалымат өткөрүүчү 4G түйүндөрүнүн географиясын кеңейтүүдө.
"Биздин компания райондук жана облустук борборлордон алыс жайгашкан калктуу пункттарда байланыш кызматын жолго коюуга өзгөчө көңүл бурат. Бүткүл дүйнө санарипке өтүп жаткан мезгилде бул абдан маанилүү деп эсептейбиз, анткени биздин өлкөдө дагы аймактарды санариптештирүү иши толук кандуу жүрүп жатпайбы", - деп жаңы ишке киргизүүлөр жөнүндө О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко билдирди.
Татаал тоолуу рельефи менен айырмаланган республикада биздин техникалык команда бул багытта активдүү иш жүргүзүп жатат.
4G түйүнүн модернизациялоонун пландуу этабынын натыйжасында О! оператору Кыргызстандын айылдарында мобилдик кенен тилкелүү интернеттин ишенимдүүлүгүн жана ылдамдыгын бир кыйла жогорулатууга жетишти. Төмөндөгү калктуу пункттардын 150 миңденден ашуун тургундары жогорку ылдамдыктагы 4G түйүнүнө кирүү жана О! операторунан сапаттуу байланыш менен колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту:
Лидерден 4G сигналын күйгүз!
О! операторунун 4G LTE-түйүнү– Кыргызстандагы 4G/LTE камтуу жана сыйымдуулугу боюнча лидер.