Өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров СИЗОдон колонияга которулду

Өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров СИЗОдон Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №19 колонияга которулду. Мындай маалыматты 18-мартта SUPER.KG'ге Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова тастыктады. Сабатарованын билдиргенине таянсак, Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн салынган колонияда кармоо боюнча чечим сот тарабынан мурда эле кабыл алган.

"Бардык инстанциядагы соттор Азимжан Аскаровдун жазасын күчүндө калтырган. Андан сырткары сот тарабынан аны өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн салынган колонияга которуу боюнча чечим чыгарылган. Бирок аны ден соолугуна байланыштуу №47 түзөтүү абагына алып барып дарылап, кайра СИЗОго алып келип турушкан. Өткөн аптанын аягында №19 колонияга которулду", - деди Сабатарова.

Азимжан Аскаров 2010-жылкы Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу окуяларга байланыштуу Базар-Коргон райондук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Кийин Жалал-Абад облустук жана Жогорку Сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин 2017-жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Мындан улам жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш Жогорку Сотто кайрадан каралып, Жалал-Абад облустук сотунун 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган. Чүй облустук соту Базар-Коргон райондук сотунун өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
a.sheralievic.91
2019-03-18 20:29:16
Андан көрү смертный казнь эле кылбайбы, аны багып дарылап расход кылбай
+10
Suzak12
2019-03-18 23:55:19
a.sheralievic.91,эн туура айтасын
+2
karona12
2019-03-19 21:57:57
Калония дегени эркиндик дегени да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан