Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында чогуу ичимдик ичип отурган 3 аял уруша кетип, алардын бири киши колдуу болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-март күнү саат 07:40 чамасында Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аялдын жансыз денеси табылганы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси "адам өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам топ каза болгон аял Пристань-Пржевальск аймагынын 31 жаштагы Ф.Т. аттуу тургуну экенин, анын туруктуу жашаган жери жана иштеген иши жок болгонун аныкташкан.
"Кылмыш ишине шектүү катары 50 жаштагы Э.А. жана 45 жаштагы А.К. аттуу 2 аял кармалган. Алардын бири буга чейин соттолгону белгилүү болду. Шектүүлөр алгачкы суракта чогуу ичимдик ичип отуруп маркум менен А.К.нын ортосунда уруш чыгып, ага Э.А. болушуп, экөөлөп маркумду таш менен сабашкан. Учурда кармалган эки аял убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки териштирүү жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.