Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүндө эки жеңил унаа сүзүшүп, айдоочулары ооруканага жеткирилди. Бул маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктап, кырсык боюнча буларды билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 18-мартта Байтик баатыр көчөсүндө катталган.
"Окуя болго жерге "Тез жардам" кызматы келип айдоочуларды ооруканага алып кетишкен. Анда түштүк тарапты көздөй бара жаткан Toyota Camry каршы тилкеге чыгып Lexus менен сүзүшүп кеткен. Учурда жол кырсыгы боюнча бардык маалыматтар чогултулуп, келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдирет басма сөз катчы.