Екатеринбург шаарында иттин этин жегиси келип аны өлтүргөн адам 3 жарым жылга эркинен ажыратылды

Орусиянын Екатеринбург шаарында иттин этин жегиси келип аны өлтүргөн адам 3 жарым жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 2018-жылдын ноябрь айында болгон. Анда 32 жаштагы Максим Хозеев жана 30 жаштагы Алевтина Сабаргалиева иттин этин жегилери келип, кароосуз калган үйдүн ичине көчөдөн ит кармап келип аны кыйнап өлтүрүшкөн.

"Териштирүү иштеринин алкагында Максим Хозеев итти 20 жолу бычактап, андан кийин аны үйдүн жер төлөөсүнө калтырып кеткени аныкталган. Иттин этин даамдагысы келген 2 жаранга кылмыш иши козголгон. Сот бул ишти карап чыгып, Хозеевди 3 жарым жылга эркинен ажыратып, Сабаргалиеваны 1 жыл түзөтүү иштерге тартылсын деген өкүм чыгарган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан