Чүйдө жарандык никедеги аялына бычак сайып өлтүргөн деп шектүү адам кармалды

Чүй облусунун Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады. Белгилүү болгондой, кармалган шектүүнү текшерүүгө алганда жанынан белгисиз чөптүн түрүн (баңги заты болушу мүмкүн) жана атуучу курал табылган.

"15-мартта түнкү саат 12:45те райондук милиция бөлүмүнө Сретенка айылындагы үйлөрдүн биринен аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган үйгө барган милиция кызматкерлери уктоочу бөлмөнүн кире беришинен зомбулук көрүп каза болгон аялдын жансыз денесине күбө болушкан. Каза болгон аялдын 44 жаштагы Ч.Н. экенин аныкташып, үйдөн далил буюм катары бычак табылган. Окуя болгон жерди кароого алган милиция кызматкерлери буюм жыйнаган бөлмөдөгү жыгач столдун алдынан ИЖ-18 ок атуучу курал табышкан. Ошондой эле үйдүн ашканасында илинип турган күрмөнүн чөнтөгүнөн баңги каражатына окшогон кургатылган чөп табылган. Алынган далил буюмдардын баары экспертизага жөнөтүлдү.

Факты боюнча Кылмыш жана Жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, иш тиешелүү бөлүмгө өткөрүлдү", - деп жазылат маалыматта.

Милициядан билдиргендей, кылмышка шектелип кармалган Я.О. аттуу жаран менен каза болгон аял Ч.Н. жарандык никеде чогуу жашап келишкен. Алар үйүндө спирт ичимдиктерин чогуу ичип жүрүшкөнү маалымдалат. Окуя болгон күнү да экөө чогуу ичимдик ичишип, ортодо чыккан чырдан Я.О. маркум аялга бычак сайган. Жаракатынан улам аял эсине келбей, ошол жерде каза болуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан