Араванда өзүн кылмыш дүйнөсүнүн адамы катары тааныштырып жеке ишкерден акча талап кылган шектүү кармалды

Ош облусунун Араван районунда ишкерден коркутуп акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 18-март күнү Араван районундагы айылдарынын биринен Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан шектүү колго түшкөн.

"17-март күнү Араван районунун тургуну, жеке ишкер 54 жаштагы М.У. райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Арызында 2019-жылдын 16-март күнү бейтааныш жаран өзүн крим чөйрөнүн адамы экенин, мурда соттолгондугун айтып, "түрмөгө 20 миң сом акча бересиң" деп бир нече жолу урган. Бул факты боюнча ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүү жабырлануучудан 5 миң сом алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн. Кылмышка шектүү Кара-Суу районунун тургуну 35 жаштагы тургуну Б.Н. болгон", - деп билдирет басма сөз катчы.

Бул окуя боюнча тийиштүү материалдар топтолуп, Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси (опузалап талап кылуу) менен иш козголуп, тергөө башталды. Ошондой эле Ош ОИИБи кылмышка шектүү жарандан ушундай жагдайда опузалап коркутууларга дуушар болгон жарандарды жана жеке ишкерлерди жакынкы ички иштер бөлүмдөрүнө кайрылууну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан